Site icon Reporter.kg

Муфтият коронавирус менен күрөшүүгө айлыктын эсебинен 700 миң сом которду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы  (Муфтият) коронавируска каршы күрөшүү үчүн 700 миң сом которду . Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлайт.

Анда айтылгандай, жардам катары берилген акча айлыктын эсебинен бөлүнгөн.

Бугүн, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 8 миллион 702 миң сом келип түшкөнүн айткан.

Exit mobile version