Муфтият коронавируска каршы бодо союп түлөө өткөрдү — сүрөт

Муфтият коронавируска каршы бодо союп түлөө өткөрдү — сүрөт

Бүгүн, 8-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирет. 

Иш-чарага азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев баш болгон дин ишмерлери жана аксакалдар катышкан. Чогулгандар өлкөгө амандык, биримдик тилеп бата кылышкан. 

“Мамлекетибизге тынчтык, биримдик, туруктуу жана бакубатчылык болсун. Ар бир үйдѳ ынтымак, ырыскы кетпесин, дасторконубузда молчулук, токчулук, ырыскы болсун. Жамандык башыбызга келбесин. Жараткан Алла Таалам бүткүл дүйнөнү бейпил кылып, элибизди ар кандай балээден, бөөдө кырсыктан сактап, дубабызды кабыл кылсын”, — деп дуба кылган Азирети Муфтий.

Түлөөгө 2 бодо  союлуп эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 22725,22726,22727,22728,22729,22730,22731,22732″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>