Муфтият коронавируска каршы кан чыгарып түлөө өткөрдү

Муфтият коронавируска каршы кан чыгарып түлөө өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) коронавирустун күч алгандыгына байланыштуу түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт.

Пандемияга каршы өткөн түлөөгө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана жергиликтүү жамаат катышты.

Азирети Муфтий ата-бабаларыбыз кандай апааттарга жана ооруга ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөргөнүн баса белгилеп, ооруп жаткандардын сакайып кетүүсүн Жараткандан тилеп дуба кылган.

Түлөөгө союлган бир баш бодо малдын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеринде таратылды. Мындай түлөө Муфтияттын түзүмүндөгү облустук бардык казыяттарда өткөрүлүп жатканы айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>