Муфтият коронавирустан каза болгондорду жерге берүү боюнча фатва чыгарды

Муфтият коронавирустан каза болгондорду жерге берүү боюнча фатва чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатва чыгарды.

Муфтият тараткан маалыматта илдеттен каза болгон мусулмандардын сөөгүн  шариат өкүмдөрүн эске алуу менен жерге берүүнү уюштуруу боюнча сунуштар Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылганы айтылат.

Эгерде адам каза болсо, санитардык врачтар тарабынан айтылган бардык жол-жоболорду көңүлгө алуу керек. Муфтият  каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын аз киши чогултуу менен жакын туугандарынын катышуусу өткөрүүнү сунуштайт.

Ал эми коронавирус оорусунан көз жумган адамды жуу, кепиндөө жана жерге берүү маселесинде зарылдыктан улам шарият төмөндөгү көрсөтмөлөрдү берет:

Жугуштуу илдеттин жугуу кооптуулугу бар болгон учурларда жаназа намазын мүмкүн болушунча аз кишинин окуганы абзел. Ошондо да оорунун жугуштуулугун эске алуу менен зарыл чараларды көрүү керек, тактап айтканда, намазга катышуучулардын ортосунда (дарыгерлер айткандай) белгилүү аралык сакталууга тийиш. Мындай кырдаалда эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот. Оорунун жугуу ыктымалы жогору болсо, тиешелүү инсандар тарабынан жерге берилген маркумдун жаназасын, кабырынын башында кыбылага беттенип окууга да болот.

Негизи эле кооптуулук бар болгон учурда деле, адистердин кеңешине ылайык зарыл чаралар жана коргонуу шарттары аткарылган соң маркумду шарият талап кылган тартипте жууп, ак кепинге ороп жерге берүү керек. Бирок, бардык коргонуу чараларынын жана алдын алуу иштеринин аткарылганына карабастан маркумду сууга алган жана шарият талап кылгандай кепинделген учурда башка адамдарга ооруунун жугуу коркунучу бар болсо, анда төмөндөгүдөй амалдар жетиштүү болот:

  1. Белгилүү аралыктан суу куюп же болбосо узактан суу чачып сөөктү жууганга болот.
  2. Эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кереги жок.
  3. Маркумду жуу эгерде жугуштуулук өңүттөн коркунучтуу болсо, тийиштүү адистердин көрсөтмөсүнүн негизинде коргонуучу кийимдерди кийип сөөккө таяммум кылдырууга болот.
  4. Коронавирус оорусунан кайтыш болгон адамга жаназа окуу жана ошондой эле анын денесин шариятка ылайык жерге берүү милдеттүү болуп эсептелет. Денени өрттөп же кислота же башка химиялык каражаттарды колдонуп көмүүгө шариятта уруксат берилбейт. Албетте этияттык үчүн вирустан коргоочу жолдордун жардамы менен жерге берилет.
    Сөөктү шарияттык (салттык) тартипте казылган көрүстөнгө кепин менен көмүү кооптуулук жарата турган болсо, атайын (өлүк салуучу) сумка же табыт менен көмүүгө да болот.Кырдаалга жараша жана зарылчылыктан улам ушул иштерди аткарып жатсак да, мусулман бир тууганыбыздын астындагы акыркы диний вазийпаларыбызды аткарып жатабыз деген аң-сезимде болуу керек.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>