Site icon Reporter.kg

Муфтият: Кыргызстанда орозо 24-апрелде башталат

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Рамазан айынын так датасын аныктады. Муфтият тараткан маалыматка ылайык, орозонун биринчи күнү 24-апрелге туура келет.

 “Кыргызстан Мусулмандарынын  Дин Башкармалыгы жаңы айдын башталуусу тууралуу Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен жана ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн Дин Башкармалыктары менен кеңешип, орозонун биринчи күнү аныкталды”, — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин видеокайрылуу аркылуу орозо маалында ооз ачуу жана тарафик намазы үйдө окуларын айткан.

Өткөн жылы орозонун биринчи күнү 6-майга туура келип, Орозо айт майрамы 5-июнда белгиленген.

Exit mobile version