Муфтият: Орозонун так күнү ушул жумада белгилүү болот

Муфтият: Орозонун так күнү ушул жумада белгилүү болот

Кыргызстанда орозо айы кайсы күнү баштала турганы ушул жумада белгилүү болот. Бул тууралуу “Репортерго” Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (Муфтият) басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында ушул жумада Аалымдар кеңешинин онлайн отуруму өтөт. Орозо айынын так датасы ошондо белгилүү болот.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Орозо айынын биринчи күнү 6-майга туура келип, Орозо айт майрамы 5-июнда белгиленген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>