Мугалимдер үчүн дистанттык билим берүү боюнча онлайн семинар башталат

Мугалимдер үчүн дистанттык билим берүү боюнча онлайн семинар башталат

Мугалимдер үчүн дистанттык билим берүү боюнча онлайн окутуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз билим берүү академиясы, «Green Light» компаниясы жана Кыргыз информатика мугалимдеринин ассоциациясы мугалимдер үчүн «Дистантык билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары» темасында ири масштабдагы онлайн семинарларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Семинарда адистер онлайн программа деген эмне, сабактарды даярдоо жана өткөрүү үчүн аларды кантип колдонуу керектигин оңой жана жеткиликтүү формада түшүндүрүп беришет.

Алгачкы семинар 25-апрель күнү саат 11:00дө башталат. Анда аралыктан билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары жөнүндө сөз болот.

Катталуу үчүн шилтеме. Уюштуруучулар онлайн семинарга туташуу үчүн шилтемени электрондук почтаңызга жөнөтөт. Туташуу боюнча жаралган суроолор үчүн байланыш номери — 0550 998628.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>