Site icon Reporter.kg

Мугалимдер 8-апрелге чейин үй шартында иштөөгө коё берилди

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү болгон отчёттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу максатында мугалимдер дистанттык түрдө окутууларын өткөрүү үчүн  8-апрелге чейин каранинге жөнтүлдү.

Билим берүү мекемелеринде жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстардын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөт.

Exit mobile version