Site icon Reporter.kg

«Мугалимдер дагы ката жазат». Депутат элди туура жазууга үйрөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитетинин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков коомдун кат жазуу сабатын жогорулатууну сунуштады.

Анын айтымында, социалдык тармакта гана эмес, парламентке келген каттарда дагы ката толтура.

«Азыр карылар сабаттуу, жаштар сабатсыз болуп калды. Карылардын кол жазмасы дагы түшүнүктүү, туура жазат. Социалдык тармактагы комментарийлерде, жарнама, билдирүүлөрдө, каттагы катаны көрүп, акылдан айныйсың. «Матор, машенниктер, прадаються яицо», — деп уккандай жазып калды. Маркум Чубак ажы (Жалилов) зерикпей катасын оңдочу», — деди ал.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева педагогикалык окуу жайларга жана мугалимдерге талаптар күчөтөлөрүн айтты.

«Мен мугалимдер менен группаларда олтурам. Алардын жазганынан уялам», — деди министр.

Депутат кыргыз тилинин дагы деңгээли түшүп кеткенин. «Министрлердин дагы бир сөзү кыргызча, экинчиси орусча. Таза адабий тилде сүйлөй алышпайт», — деди ал.

Exit mobile version