Site icon Reporter.kg

Мугалимдер радикализмдин алдын алат

Бишкектеги үч мектептин мугалимдери үчүн өспүрүмдөр арасында радикализмди, эктремизмди жана терроризмди алдын алуу чаралары боюнча маалымат-түшүндүрүүчү жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага Ала-Тоо жаңы конушундагы №82, Касым жаңы конушундагы №83, Эне-Сай жаңы конушундагы №21 орто мектептерден психолог, социалдык педагог жана жогорку класстардын класс жетекчилери чакырылган.

Анда мугалимдерге медиасабаттуулукту жогорулатуунун инструменттери, фейк маалыматтарды аныктоонун жолдору, өспүрүмдөр арасындагы радикализмдин өзгөчөлүктөрү, экстремизм жана терроризм коркунучтары, интернет аркылуу жаштарды вербовкалоо маселелери боюнча маалымат берилди. Эми мугалимдер өз мектептериндеги 8-9-10-11-класстын окуучуларына классттык сааттарды өткөрүп, алган маалыматтары менен бөлүшөт.

Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Башкы максат — өспүрүмдөрдүн радикализм, экстремизм жана терроризм тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу, бул багытта профилактикалык иштерге жардам көрсөтүү.

Exit mobile version