Site icon Reporter.kg

Мугалимдердин эмгек өргүүсү кыскарабы? Министрликтин жообу

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстанда мугалимдердин эмгек өргүүсү кыскартылат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Окурмандар мугалимдердин эмгек өргүүсүн 56 күндөн 47ге чейин кыскартуу маселеси каралып жатканын билдиришкенин «24.kg» жазды.

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Баары мурункудай эле калды. Мугалимдер эмгек өргүүнү Министрлер кабинетинин токтому жарыялангандан кийин толугу менен алышат», — деп түшүндүрдү Билим берүү министрлиги.

Exit mobile version