Site icon Reporter.kg

Мухаммадали Умаров Куран окуу боюнча эл аралык жарышты жеңди

Кыргызстандык Мухаммадали Умаров Сауд Арабиясында өткөн Куран окуу боюнча эл аралык жарышты жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.

Умаров жеңип алган жарышка 111 өлкөдөн 153 адам катышкан. Ага байланыштуу Марипов Мухаммадали Умаровду Эр-Рияд шаарына чакырып, белек катары Куран китебин, калпак жана саат берген.

«Бул жагымдуу кабарды угаарым менен Мухаммадалини Эр-Рияд шаарына чакырып, жеңиши менен куттуктадым. Жигитибиз өзүнө койгон талап жана бекем эрк аркылуу жеңишке жетип гана тим болбостон, Куранды жана жалпы эле мусулман динин жайылтууга чоң салымын кошо алды. Ал аркылуу дүйнөдөгү көптөгөн адамдар Курандын негизги мазмунун түшүнүп, исламдын канчалык деңгээлде терең, тынчтыкты сүйүүчү дин экенин биле алышты», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version