Site icon Reporter.kg

Мухаммедкалый Абылгазиев Финполго суракка чакыртылды

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу Reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлады.

Маалымат булагыбыз билдиргендей, мурдагы өкмөт башчы кайсы иштин алкагында суракка чакыртылганы белгисиз. Алдын ала маалыматтарга караганда,  COVID-19 пандемиясы күчөп жаткан учурда өлкөгө келген гумжардамдардын сарпталышына байланыштуу козголгон иштин алкагында сурак берип жатат.

Белгилей кестек, Абылгазиевге  Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынганы 20-октябрда белгилүү болду.

Абылгазиев июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен.  COVID-19 пандемиясындагы шалаакылыктарга байланыштуу мурдагы өкмөт башчыны жоопко тартуу керектиги айтылып келет.

Exit mobile version