Мухаммедкалый Абылгазиев валюта рыногундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Мухаммедкалый Абылгазиев валюта рыногундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөлүк рыноктордо түзүлгөн кырдаал жана анын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун  маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү баалардын өйдө-ылдый болууларына карата коммерциялык банктардын жана валюта алмаштыруу жайларынын реакциясы байкалууда. Финансылык жөнгө салуу улуттук валютанын баасынын өйдө-ылдый болушун түздөө үчүн жетиштүү резервдерге ээ. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуттук валютанын алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары Экономика министрлиги менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине ортомчулардын бааларды негизсиз жогорулатуусуна жол бербөө максатында керектүү товарлардын жана азык-түлүктүн наркына дайыма мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, 10-мартта Кыргызстанда доллардын баасы кескин түрдө жогорулап, бир доллардын сатуудагы баасы 73 сомго чейин чыккан. Ушул эле күнү Улуттук банк доллардын баасын ооздуктоо максатында  53,7 миллион доллар сатыкка чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>