Site icon Reporter.kg

Мухаммедкалый Абылгазиевдин ден соолугу начарлап, абактан бошотулду

Мурдагы премьер -министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин сот баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде абактан бошотту. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку Соттон билдиришти.

«2021 -жылдын 20 -августунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Абылгазиевдин ден соолугунун начарлашына байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылган, анда эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотууну суранган. Тергөөчү судья иштин материалдарын карап чыгып, өтүнүчтү канааттандырды.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү Абылгазиевдин баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тууралуу тил катка алмаштырылды», — деп айтылат маалыматта.

Ал арада булактардын айтымында, Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке келтирген 50 миллион сом өлчөмүндө зыянды төгүп берген.

Эске сала кетсек, Буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон.

Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгы маалым болгон.

Exit mobile version