Site icon Reporter.kg

Мультимиллионер Атамбаев акчасын баннка сактабай кайда сактайт?

Экс-преиздент Алмазбек Атамбаевдин бир да банкта  жеке депозиттик эсеби, алтургай, банктык кутусу да жок. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирүү таратты.

Жолдубаеванын айтымында экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким банкка акча сактабайт. Болгону банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болсо, ал да камакка алынган.

Жолдубаеванын билдирүүсүнөн кийин интернет колдонуучулары “өзүн доолар менен миллионермин деп жүргөн Атамбаев акчасын анда кайда сактайт?” деп ар кандай таң калуу пикирлерди жазышууда.

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту 19-июнда Атамбаевдин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн банктагы  депозиттик эсептерин текшерүүгө уруксат берүү чечимин чыгарган.

 

Exit mobile version