Site icon Reporter.kg

Ишкерлерден акча доолаган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Жалал-Абадда өзүн УКМКнын  кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерден 20 миң сом талап кылган. Бул тууралуу коопсуздук кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, К.Т.А.  аттуу жаран өзү Жалал-Абад шаардык суу чарба ишканасынын адиси болуп иштейт. Ал ага карабай ишкерлерди УКМКнын кызматкери катары алдап, акча опузалап жүргөн.

Акча алып жаткан жеринен кармалып, камоого алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version