Site icon Reporter.kg

Мурадыл Мадеминов жана Абдыманап Кутушев шайлоого катышуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдыманап Кутушев шайлоого катышпайт.  Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасына жазды.

Анда ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен сүйлөшүүлөр оңдуу жыйынтык бербей, олуттуу пикир келишпестиктер менен коштолгонун, мындан улам Мурадыл Мадеминов экөө шайлоого катышпай тургандыгын жазган. 

 “Биздин мындан аркы партиялык ишмердигибиз боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен сүйлөшүүлөр олуттуу пикир келишпестиктерден улам көздөгөн максаттарга жетпеди. Ошондуктан биз досум Мадеминов Мурадыл Ганиевич экөөбүз 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышпоону чечтик. Ар дайым дилибиз таза, ниетибиз ак болуп келген. Мындан аркы ишмердигибизде да өлкөбүздө адилеттүү коом курууга, эл чарбасынын деңгээлин көтөрүүгө аракетибизди уланта бермекчибиз”, — деп жазган саясатчы өз билдирүүсүндө.

 

Exit mobile version