Бишкекте өткөн футзал боюнча «Мурас» мелдешин уткан «Ден-соолук» командасы 400 миң сом акчалай сыйлыгын майып балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборуна берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, 27-28-май күндөрү Бишкекте футбол боюнча «Мурас» достук турнири өтүп, анда бир нече команда ойногон. Мелдешти медицина тармагынын кызматкерлеринин «Ден-соолук» командасы жеңип алган. Жеңүүчүлөргө кубок жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылган.
Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана «Ден-соолук» командасы 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата акчалай сыйлыкты министрликке караштуу майып балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборлорунун бирине тапшырууну чечишкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз