Site icon Reporter.kg

Мурас-Ордо конушунда 48,5 млн сомго сейил бак курулат

Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушуна 48,5 млн сомго сейил бак курууну пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.

Маалыматка ылайык, объект Мурас-Ордо көчөсү 19 дарегинде жайгашкан. Тендердик суммасы 48 млн 515 миң 625 сомду түзөт.

Аянтта жайкы сахна, трибуна, балдар аянтчалары ж.б. орнотулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version