Site icon Reporter.kg

Мурас-Ордодо 1 жаштагы наристе ажатканага түшүп кетип каза болду

Биринчи май районунда Мурас-Ордо конушунда 1 жаштагы наристе ажатканага түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы туулган А.Р. аттуу наристе ажатканага түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, бирок алар жеткенге чейин туугандары наристенин сөөгүн чыгарып алышкан.

Exit mobile version