Site icon Reporter.kg

«Мурас» турниринде Садыр Жапаров төртүнчү жолу мыкты чабуулчу аталды

8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн футбол боюнча кезектеги “Мурас” достук турнири аяктады.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Президенттин командасы” командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке 16 команда катышты.

Садыр Жапаровдун командасы финалда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тобун 2-1 эсеби менену утуп алды.

Мелдеште өлкө башчысы 12 гол киргизип, мыкты чабуулчу аталды. Буга чейинки 3 турнирде дагы ал эң көп гол киргизген.

Жеңүүчүлөргө чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version