Site icon Reporter.kg

Мурат Суталинов түн ичинде суракка чакырылды

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов социалдык тармактагы баракчасына УКМКга суракка чакырылганын билдирди.

Анын айтымында УКМКнын кызматкери И.И. үйүнө келип, саат 21:00дөн кийин иш бөлмөсүнө «маектешүүгө» чакырган.

Ошондой эле УКМК кызматкерлери келгендеги видео жазууларды социалдык тармакка жарыялады.

2005-жылдын мартында Суталинов башкы прокурор болгон. 2005-жылдын май айында ички иштер министри болуп дайындалган. 2006-жылдын күзүндө Улуттук коопсуздук кызматын (азыркы УКМК) 2010-жылдын 7-апрелине чейин жетектеген. Убактылуу өкмөт аны кызматтан алган.

Кийин соттолуп, жазасын абакта өтөгөн. Ал эми 2019-жылдын 7-майында Бишкек шаардык соту Суталиновду оорусуна байланыштуу камактан бошоткон.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

 

Exit mobile version