Site icon Reporter.kg

Муратаалы Күрөнкеев атындагы окуу жай буздулуруп, кайра салынат

Бишкектеги Муратаалы Күрөнкеев атындагы музыкалык окуу жайынын имараты буздурулуп, кайра салынат. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Эсенгул уулунун айтымыда, убагында окуу жай жертөлөсүз салынган. Анын пайдубалы жердин үстүнө эле куюлуп, жерпай казылган эмес. Эми ал комиссиянын чечиминин негизинде буздурулуп, кайра өзүндөй болуп салынат.

Окуу жайдын имараты маданий мурастардын катарына киргендиктен, учурда аны тизмеден чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version