Site icon Reporter.kg

Мурда бир нече жолу соттолгон чөнтөкчү кармалды

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-декабрда милицияга М.Н. аттуу жаран кайрылып, коомдук транспорттун ичинен белгисиз адам 42 миң сомдук iPhone 11 Pro Max телефонун, 2 миң сомун жана айдоочулук күбөлүгүн уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 35 жаштагы Ш.Э. аттуу жаран кармалган. Ал уурулук фактысы боюнча мурда бир нече жолу соттолгон. Шектүүнү тинтүү учурунда жанынан iPhone 11 Pro Max телефону, 5 капчык, паспорт, айдоочулук күбөлүк жана студенттик билет табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция билдиргендей, учурда шектүүнүн 6 уурулук фактысына катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринин жабыркаган жарандар болсо, 0(554) 11-03-14, 0(700) 61-11-19 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version