Site icon Reporter.kg

Мурдагы өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев кызматын тапшырды

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү «Twitter» баракчасына жазды.

Султаналиев Абылгазиевдин басма сөз катчысы болуп 2018-жылдын июлунан бери иштеп келген.

Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчылыктан 16-июнда өз арызынын негизинде кеткен.

Exit mobile version