Site icon Reporter.kg

Мурдагы аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган жаранга өкүм чыкты

Рахима Айкымбаеваны өлтүрүүгө айыпталган мурдагы күйөөсү 15 жылга абакка кесилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, быйыл 3-апрелде Бишкектеги Кут конушунда 34 жаштагы аял бычакталып өлтүрүлгөн. Шектүү катары анын мурдагы күйөөсү Б.К. кармалган.

Маркум аял үч баланын энеси болгон. Ал 18 жашында турмушка чыгып, 22 жашынан бери үч баласын өзү багып келе жаткан. Күйөөсү менен бир топ жыл мурда ажырашып кеткен.

Биринчи май райондук соту билдиргендей, айыпталуучуга өкүм 22-октябрда чыккан. Ал (Б.К.) «өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ага өкүм чыкканга чейин камакта отурган бир күнү эки күн болуп эсептелет. Ал быйыл 4 апрелде кармалган.

Ошондой эле айыпталуучу жабырлануучу тарапка 300 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Үч баланын энеси өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү айтылды

Exit mobile version