Site icon Reporter.kg

Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы бир кызматтан кетти

Курманкул зулушев

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Зулушев кызматтан өз каалоосу менен кетти. Ал федерациянын башына жаш, энергиялуу жетекчи келиши керектигин билдирген. Зулушев федерациянын жетекчилигине Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин колдоого аларын айткан. Анын талапкерлиги 17-июлда каралат.

Эскерте кетсек, Курманкул Зулушев быйыл 19-апрелде башкы прокурор болуп турганда Көк бөрү федерациясынын президенти болгон.

Ал 3-июнда башкы прокурор кызматынан кеткен.

Курманкул Зулушев отставкага кетүүгө арыз жазды

Exit mobile version