Site icon Reporter.kg

Мурдагы депутат Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Мурдагы депутат Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Бирок прокурор иш кандай негизде кыскартылганын айта алган жок. Ал маалыматты тактап, кийинчерээк берүүнү убадалады.

Абжалиевге мыйзамсыз баюу беренесинин негизинде иш козголгон болчу.

Буга чейин Алиярбек Абжалиев мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төлөгөн.

Exit mobile version