Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты Алмаз Мамбетов ээлеп турган. Ал Ош шаарынын мэри кызматына былтыр август айында келген.
Ал эми Бакыт Жетигенов мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Былтыр 26-ноябрда ал «бийликти басып алууга даярданууга» шектелип кармалып, 22-декабрда камактан бошотулган.
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов камактан бошотулду
Биздин Телеграм каналга катталыңыз