Кечээ, 10-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси алмашып, төрага кызматына Тынчтык Шайназаров келди. Буга чейин ал кызматты 9 жылга жакын Нуржан Шайлдабекова аркалады.
Тынчтык Шайназаров 1974-жылы 27-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган. 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридика факультетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
Тынчтык Шайназаров буга чейин прокурор болуп иштеген, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 09.1996- 11.1997-ж. – Чоң-Алай районунун прокуратурасынын тергѳѳчүсү.
- 1997-1999-ж. – Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасында тергөөчү.
- 1999-2001-ж. – Ош облусунун прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору.
- 2001-2002-ж. – Ош облусунун прокуратурасынын улук тергөөчүсү.
- 2003-2004-ж. – Ош облусу боюнча кылмыш иликтөөнү көзөмөлдөө секторунун прокурору.
- 2004-2007-ж. – Ош облусу боюнча кылмыш иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы.
- 08.2007-08.2009-ж. – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы.
- 08.2009-04.2010-ж. – Жалал-Абад шаарынын прокурору.
- 11.2010-12.2020-ж. – “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын катарынан эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
- 09.2020-07.2021-ж. –Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (БШК).
- 07.2021-02.2025-ж. – БШКнын төрайымынын орун басары.
- 02.2025-ж. – БШКнын төрагасы.