Site icon Reporter.kg

Мурдагы элчи Гүлнара-Клара Самат Кыргыз-Орус славян университетинин проректору болду

Гүлнара-Клара Самат Кыргыз-Орус славян университетинин биринчи проректору болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Анын талапкерлигин окумуштуулар кеңеши жактырган. Аны эмгек жамаатка билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу тааныштырган.

Эскерте кетсек, Гүлнара-Клара Самат 2018-2021-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-2024-жылдары Кыргызстандын Россиядагы элчиси кызматын аркалаган.

Exit mobile version