Site icon Reporter.kg

Мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылды

Кыргызстандын мурдагы Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырлыганын Super.kg порталы жазып чыкты.

«Ал кечээ Кой-Ташка барып экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан. Ал эми бүгүн эртең менен УКМКнын оперкызматкерлери Кылычбек Султандын үйүнө суракка чакыруу кагазын тапшырып кеткени белгилүү болду”, — деп жазылат анда.

Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов экс-элчиге  мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде 3-июлда күбө катары көрсөтмө берүүгө чакыруу жиберилгенин айткан.

Exit mobile version