Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Финполго суракка чакырылды

Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Финполго суракка чакырылды

Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматындагы өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, сурак сот өкүлчүлүгүнүн борбору тарабынан акча каражаттарын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки иштин алкагында жүргүзүлөт. Бул иш боюнча Жээнбекова күбө катары болот.

Эске салсак, кечээ, 21-октябрда мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы пандемия учурунда Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Финансы полициясына күбө катары суракка чакырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>