Мурдагы коргоо министри №42 протокол боюнча оюн айтты — видео

Мурдагы коргоо министри №42 протокол боюнча оюн айтты — видео

Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчсы Саймумин Ятимов кол койгон №42 протокол боюнча өз оюн билдирди.

Анын айтымында, кол коюлган протокол алдын ала документ болуп саналат.

«Билесиздер ал жерде чек ара такталган эмес. Аны (чек араны такташууну – ред.) тездетүү маселе турат. Кооптуу багыт деп коет, ошол жерден аскерлерди алып жатат. Алып жаткан жерлерди билем. Өзүм Лейлек чек ара бөлүмүндө командир болуп иштегем. Ал жакта кишилер жашабайт. Айылдар чек арадан алыс. Ошол жерден (чек ара бекеттерин – ред.) алып жатканы бир жагынан туура. Тил табышпай кеткен жерлер ошол жактан болууда. Ал жерге мамлекеттик чек араны кайтаруучу техникалык каражаттар деп коет – камералар коюлуп жатат, — деди ал.

Эскерте кетсек, Ташиев менен Ятимов кол койгон №42 протокол боюнча кыргыз-тажик чек арасында турган эки тараптын бирден чек ара тозоту жана үчтөн чек ара бекеттери алынат:

  • «Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);
  • «Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);
  • «Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);
  • «Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).

Аталган №42 протокол боюнча коомчулук сын-пикирин айтып, чек ара бекеттеринин алынышына каршы болушууда. Каршы болгондордун пикири боюнча, бул протоколдон Кыргызстан утулушта болууда. Чек ара бекеттеринин алынышы менен Тажикстан тарап тактала элек жерлерди карамагына өткөрүп алуу боюнча «сойломо» саясатын улантат. Андан тышкары аларда коопсуздук маселеси боюнча тынчсыздануу болууда.

Бул протокол боюнча Камчыбек Ташиев өз оюн билдирип, документке кол коюуда Ак-Сай элинин активисттери менен сүйлөшүлүп чечим кабыл алынганын, башкы максат конфликтти мындан ары болтурбай кармап туруу болгонун билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын бир сантиметр жери да Тажикстанга берилбей турганын белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>