Site icon Reporter.kg

«Келбетим акырындап калыбына келе баштады». Асел Ногойбаевага үчүнчү операция жасалат

Мурдагы күйөөсү кулагы жана мурдун кескен Асел Ногойбаевага 17-январда үчүнчү операция жасалат. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

«Келбетим акырындап калыбына келе баштады. Мага жардамын аябаган биздин жана Москванын дарыгерлерине ыраазымын», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын (Асел Ногойбаеваны) сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.

Кийинчерээк аталган жаран мурдагы аялын (Асел Ногойбаеваны) зордуктаганы үчүн Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-сентябрда облустук сот зордуктоо боюнча ишти карап, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыраткан. Белгилей кетсек, зордуктоо 2023-жылы 31-январда сентябрдагы каргашалуу окуяга чейин болгон.

2024-жылы 26-январда Эстебесов Селекциядагы каргашалуу окуяга байланыштуу «адам өлтүрүүгө аракет кылуу», «зордуктоого аракет кылуу» жана «ден соолукка оор залал келтирүү» беренелери боюнча жана 8 жылга соттолгон «зордуктоо» иши боюнча жазалары бириктирилип, жалпы 20 жылга абакка кесилген.

Ошондой эле Эстебесов Асел Ногойбаевага моралдык зыян катары 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү 20 жылга соттолду (видео)

Exit mobile version