Site icon Reporter.kg

Мурдагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов кайра кызматка дайындалды

Мурдагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов «Курулуп жаткан электростанциялар» дирекциясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Энергетика министрлигинен ырасташты.

Ал 6-майда бул кызматка бекитилген.

Белгилей кетсек, «Курулуп жаткан электростанциялар» дирекциясы 2023-жылы түзүлгөн. Анын уставдык капиталы 35 миллион сом өлчөмүндө белгиленген.  «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун айрым мүлкү, анын карамагында «Камбар-Ата -1» ГЭСи дагы дирекцияга өткөрүлгөн.

Игорь Чудиновду мурдагы президент Курманбек Бакиев жетектөөчү кызматка алып келип, 2007-жылы премьер-министр кылып дайындаган. 2009-жылы Кыргызстанды өнүктүрүү фондунун директору болот.

2010-жылкы революциядан кийин кармалып, көп өтпөй бошотулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version