Site icon Reporter.kg

Мурдагы президенттердин Дубайдагы жолугушуусу. Ташиев эмне дейт?

Камчыбек Ташиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаров менен Кыргызстандын мурдагы өлкө башчыларынын Дубайдагы жолугушуусу жана ага байланыштуу айтылып жаткан сөздөр боюнча үн катты.

Ташиевдин айтымында, ал Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен болгон жолугушуусун толугу менен колдойт.

«Мен мамлекет башчысынын бул демилгесин толугу менен, бардык жагынан колдойм. Садыр Нургожоевичтин бул кадамына тарых өз баасын берет. Себеби, кеп мамлекетибиздин келечеги жөнүндө болуп жатат, биз жалпы бардыгыбыздын биримдигибиз аркылуу өнүгүүгө карай кадам жасап жатабыз.

Ооба, бүгүнкү күндө кимдер гана бул маселеге кайрылып, көз карашын айткан жок. Бул ар бир жараныбыздын жеке пикири жана укугу. Бирок, мен бир гана нерсени баса белгилегим келет – мунун баары кандайдыр бир пиар үчүн же заматта эффект жаратыш үчүн жасалып жаткан жок. Мен муну башынан билген адам катары айтып жатам, бул даанышмандык, айкөл кадам убакыттын өтүшү менен туура бааланарына ишенем.

Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, мен сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден соолук каалайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми», — дейт ал.

Ошондой эле, ал мурдагы президенттердин жолугушуусун Ташиев демилгелеген деген сөздөр чыгып жатканын айтып, ал боюнча пикирин билдирди.

«Кээ бир адамдар ушунун баарын Камчыбек Ташиев демилгелеп чыкканын айтып чыгышты. Менин Испанияда жерим, үйүм бар экенин, Атамбаев менен биригип, сүйлөшүп алып жатканымды жазып чыгышты. Далил катары Атамбаевдин Испанияга барып дарыланаарын бетке кармашат. Мындай версияны орусиялык “Регнум” порталы да айтып чыкты. Мунун баары, албетте, суу кечпеген нерсе, калп. Менин же бир туугандарымдын Испанияда үйүбүз же кандайдыр бир кыймылсыз мүлкүбүз жок. Деги эле, башка чет мамлекеттин биринде да менин мүлкүм жок, болгон да эмес.

Бул жерде бир гана маалымат туура – менин уулум Испанияда жашайт. Азыр ал 17 жашта. 8 жашынан бери футбол менен жакындан алектенет: Перуджада атактуу “Паоло Росси” футбол академиясында, андан кийин Валенсиядагы “Леванте” клубунун академиясында окуган. Азыр эки жылдан бери “Барселонанын” жаштар командасында ойноп жатат. Уулум профессионал футболчу, жанында апасы менен карындашы жүрөт. Ал 18 жашка толо элек болгондуктан, жанында үй-бүлөсүнөн улуураак адамдар сөзсүз болушу кажет экен, бул команданын талабы. Бул ийгилик дагы жөн келген жок, уулум көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөздү, жаракат алган учурлар болду – азыркы футбол дүйнөсү ошондой экен.

2018-жылы уулум “Спартак” (Москва) командасынын академиясында да кароодон ийгиликтүү өткөн, бирок, клуб кыргыз атуулдугунан баш тартуу талабын койгондуктан, карьерасын ал жактан улантпады. Ошондуктан, Европага кетүүгө аргасыз болдук, андан бери мына беш жылдын жүзү болду. Мен уулумдун аракети текке кетпешине, каякта жүрбөсүн өзүнүн өлкөсү үчүн намыс талашаарына ишенем», — дейт ал.

Анын айтымында, аталган  маселе боюнча чагымчылдык кылуу – туура эмес.

«Жалпысынан айтканда, бул тема менен чагымчылдык кылуу – туура эмес. Президенттин алдына койгон максаты – чыныгы даанышмандык, айкөлдүк кадам. Ал өз элинин уулу, элине кызмат кылат, кандай кадамга барбасын – өлкөбүздүн кызыкчылыгын биринчи орунга коет. А кимде-ким ызы-чуу салууну, төңкөрүш кылууну көздөп жатса, “муну менен алектенбей эле койгула” — деп кеңеш берет элем», — дейт Ташиев.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын 18-февралда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жарыя кылган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жолугушуу болгонун ырастап, ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышкан билдирген.

19-февралда ал жолугушуу тууралуу Алмазбек Атамбаев үн катып, жолугушуу тууралуу учкай айтып өткөн.

21-февралда Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине Дубайдагы жолугушуу тууралуу маек куруп, анда Атамбаев менен Жээнбековду элдештиргени, жолугушууда эмнени сүйлөгөнү, Курманбек Бакиев тууралуу сөз болгон.

Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушту. Кимдер келди?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version