Мурдагы жубайынын күйөөсүн балталап өлтүргөн адам полицияга өзү кабар берген — видео

Мурдагы жубайынын күйөөсүн балталап өлтүргөн адам полицияга өзү кабар берген — видео

Мурдагы жубайынын учурдагы күйөөсүн балта менен чапкылап, итке талатып өлтүрүп, полиция кызматкерлерине өзү кабарлаган.  Бул тууралуу «Комсомольская правда» басмасылмасы жазган.

Ал 37 жашта. Учурда камакка алынган.

Окуя 18-сентябрда, Набережные Челны шаарынын Чулман проспектинде чак түштө орун алган. Ал «питбуль» породасындагы итти мурдагы аялынын күйөөсүнө каршы тукуруп, балта менен чапкылап өлтүргөн. Окуянын видеосу өтүп бара жаткан машиналардын видеобайкоосуна түшүп калган.

Маалымат булактарында айтылгандай, ал мурдагы жубайы менен ажырашып кеткенине эки жыл болгон. Бирок акыркы күндөрү аял ага кызы жана баласы менен жолугууга уруксаат бербегендиги үчүн чатакташып жүрүшкөн.

Учурда кылмышкер күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, аталган шаардын сотунун чечими менен 2020-жылдын 18-ноябрына чейин эки айга СИЗОго жөнөтүлдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>