Site icon Reporter.kg

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камакка алынды

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалды.

Мындай чечимди борбордун Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Экс-өкмөт башчы 26-мартка чейин камакта болот.

Чиновник УКМК тарабынан 26-январда кармалган. Ага мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыган деген айып тагылууда.

Exit mobile version