Site icon Reporter.kg

Мушкер Азат Үсөналиев Түркияда чемпион атыкты

Бокс броюнча Кыргзстандын улуттук курама командасынын мушкерлер Стамбулда өткөн эл аралык мелдеште 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге утту.

Азат Үсөналиев 52 килограмм салмакта беттеш өткөрүп, 1/8 финалдан баштап рингге чыккан. Ал финалда азербайжандык спортчуну 5:0 эсебинде утуп, алтын мөөрөйдүн ээси атыкты.

Ал эми Эсенбек Акылбек уулу (57кг) күмүш байгеге, Эркин Адылбек уулу (81кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (75кг) коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, Түркияда өткөн эл аралык турнирге Кыргызстандын атынан жалпы 12 мушкер барган. Мелдеш 21-мартта жыйынтыкталды.

Exit mobile version