Мушкер Немат Абдрашитов Brave CF уюму менен келишим түздү

Мушкер Немат Абдрашитов Brave CF уюму менен келишим түздү

Кыргызстандык мушкер Немат Абдрашитов Brave CF уюму менен төрт беттеш өткөрүүгө келишим түздү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Brave CF уюму менен төрт беттешке келишим түзүлдү. Досум жана менеджерим Маратка рахмат. Эми кармаштын убактысын күтүү керек, эң кызыктуу учурлар алдыда», — деген Абдрашитов.

Белгилей кетсек, 29 жаштагы спортчу 11-мартта орун алган Brave CF 47 турниринде россиялык Анзор Абдулходжаевди 2-раунда техникалык нокаут менен утуп алган.

Абдирашитов карьерасында 22 беттеш өткөрүп, анын он алтысында жеңишке жеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>