Site icon Reporter.kg

Самат «Кыргыз» WBL версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык мушкер Самат «Кыргыз» Абдырахманов Hardcore Boxing боюнча турнирде венесуэлалык атаандашы Жонни Санчести биринчи раундда нокаут менен жеңип алды.

Hardcore Boxing турниринде HBA жана WBL титулдары үчүн күрөш болду.  Самат Абдырахманов Хардкордун атынан чыкса, атаандашы Жонни Санчес WBL курун Венесуэладан алып келген.

Күрөш 8 раундду камтыды, бирок беттештин 1-раундунда эле Самат Абдырахманов Жонни Санчести 18:1 эсебинде уткп алды.

WBL чемпиондук курду кыргызстандык мушкер тагынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version