Site icon Reporter.kg

Мушташканы үчүн иштен алынган милиционер Бишкекте жаңы кызматка дайындалды

Мушташканы үчүн иштен алынган Ош облустук милициясынын башчысынын мурдагы орун басары Алмаз Үсөналиев Бишкек ШИИББне жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы өздүк булактары билдиргенин жазды.

Алмаз Үсөналиев шаардык милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Бул маалыматты тактоо үчүн Бишкек шаардык милициясына кайрылганбыз менен жооп ала алган жокпуз. Алар бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

Эскерте кетсек, 2023-жылы ноябрда соцтармактарга «Ош облустук милициянын башчысынын орун басарларынын мушташы» деген видео тараган. Кийинчерээк ИИМ аталган мушташка облустук милициянын үч орун басары Алмаз Үсөналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев катышканын, мушташ өз ара пикир келишпестиктен улам болгонун кабарлаган. Ал үчөө тең кызматтан алынган.

Ошто милициянын башчысынын 3 орун басары мушташканы үчүн иштен алынды (видео)

Exit mobile version