Site icon Reporter.kg

«Муслим» кооперативинин жетекчиси кармалды. Милиция элге кайрылды

Ош шаарында «Муслим» турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга кайрылган жарандар аталган кооперативдин негиздөөчүсү А.А. аттуу аял үй жана унаа алып берүүнү убадалап, бирок бир нече айдан бери убадасын аткарбай жүргөнүн билдирген. Маселен, Т.Б. аттуу жаран үй алуу үчүн 1 млн 600 миӊ сом, С.М. аттуу жаран унаа алуу үчүн 210 миӊ сом берген. Былтыркы жылдын декабрь айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин ушундай мазмундагы 8 арыз түшкөн.

«Ак-Буура милиция бөлүмүнүн алган ыкчам маалыматтарына караганда жабырлануучулар мындан бир нечеге көп жана алар Ош шаарынан гана эмес, республиканын башка аймактарынан дагы болушу мүмкүн», — деп билдирет шаардык милиция.

Ош шаардык милициясы шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандар болсо, 03222 6 64 02, 0700 50 50 37 номерлери аркылуу кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version