Site icon Reporter.kg

Мьянмада маймылдын жаңы түрү пайда болду

Мьянманын Меконг аймагында жаңы түрү пайда болуп, ал Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун тизмесине катталды. Бул туурасында Аль-Жазира маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  көзүнүн тегеретеси ак болуп, арбактарга окшошуп кеткен маймылга «Попа-Лангур» деген ысым ыйгарылды. Маймыл Мьянмадагы өчкөн Попа жанар тоосунун тик боорлорунда жашагандыктан “Попа-лангуру”- деп аталат.

Аталган фонддун каттоосуна жапайы жаныбарлардын 223 түрү болсо, бул маймылды каттоо менен 224гө жетти.  Попа лангуру 2020-жылы эле табылган. Бирок, уюмдун кагаз иштериндеги кечигүүлөрүнөн соң убакыт создуккан.

Exit mobile version