Мьянмада жер көчкүдөн 166 адам набыт болду

Мьянмада жер көчкүдөн 166 адам набыт болду

Мьянманын нефрит шахтасында жүргөн жер көчкүдөн набыт кеткендерин саны 166га жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн расмий өкүлдөрүн таянып, эл аралык басылмалар жазышууда. 

Маалыматка ылайык, Мьянманын түндүгүндөгү Кытай чек арасына жакын жайгашкан Качин провинциясындагы нефрит шахтасындагы кырсык 2-июлда болгон. Мьянманын аткаминерлери жана жергиликтүү булактар кырсыкка бул аймактагы бир нече күндөн бери тынбай жааган жаан себепчи болгонун айтышууда.

Маалыматка караганда куткаруучулар ылай алдында калган адамдардын сөөктөрүн таап чыгарууну улантууда.

Мьянма дүйнөдөгү нефрит таштарынын эң ири булагынын бири, ал эми Кытай ал таштардын эң ири кардарларынын бири болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>