Кыргызстанда мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралып, биринчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Айсулуу Мамашова мамлекеттик оорукананын жетекчилери жеке клиникадагы ишке алаксыбаш керек деген ойдо.
«Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда. Медициналык мекемелердин жетекчилери жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек», — деди ал.
Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов мыйзам долбоорун колдоп, ага медициналык мекемелердин жетекчилерин гана эмес, бөлүм башчыларын да кошууну сунуштады.
Депутат Элдар Абакиров оорукана жетекчилеринин айлык акысын көтөрүү керектигин айтып, ошону менен бирге алардын иштөө мөөнөтүн 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартууну сунуштады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.