Site icon Reporter.kg

Мыйзам долбоору: Осоавиахим, Ленин айылдарынын аты өзгөрөт

Баткен, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы айрым айылдардын атын өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарыды.

Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, айылдарга өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү болгон аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган. Айылдардын атын өзгөртүү чечимдери жергиликтүү тургундардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү бийлик органдары тарабынан жактырылган.

Аты өзгөртүлө турган айылдардын тизмеси:

Баткен

Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Карл Маркс айылын Биримдик жана Эски-Оочу айылын Манас;

Кулунду айыл аймагынын Коммунизм айылын Ак-Арык жана Ленин айылын Исхак Раззаков;

Сумбула айыл аймагынын Андарак айылын Ак-Таш, Кек-Таш айылын Көк-Таш жана Искра айылын Сумбула;

Нарын

Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Осоавиахим айылын Молдо Кылыч (Осоавиахим деген аталыш «Общество содействия обороне, авиационному и химическому строительству» деген сөздөн куралган ат болуп саналат);

Талас

Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылын Бакайыр;

Чүй

Чүй айыл аймагынын Садовое айылын Масымкан айылы деп өзгөртүлөт.

Exit mobile version