Site icon Reporter.kg

«Мыйзамсыз берилген». УКМК Баткенде турак үйлөр курулган жерди мамлекетке кайтарды

Баткен шаарында мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, шаар мэриясынын айрым кызмат адамдары 1,44 гектар жерди трансформациядан өткөрбөй туруп, турак үй куруу үчүн жеке менчикке берип жиберген. Бул мыйзам бузууга карабай кийинчерээк «Кадастр» ишканасынын Баткендеги филиалынын кызмат адамдары жер тилкелерин каттап, жарандарга жеке менчик укугу тууралуу мамелкеттик актылар берилген.

Атайын кызмат билдиргендей, 24 жер тилкенин ээлери жалпы баасы 20 млн 160 миң сомдук жерлерди өз ыктыяры менен мэрияга кайтарып берген.

УКМК тараткан сүрөттө көрүнүп тургандай, «мыйзамсыз» берилгени айтылган жерлерге жарандар үйлөрдү курган. Ал тамдар эмне болору, жердин ээлери кимдер болуп келгени (арасында чиновниктердин бар же жогу) тууралуу УКМК кабарлаган жок.

Exit mobile version